2023-жылы ички туризмди өнүктүрүү боюнча долбоорлор сунушталды

2023-жылы ички туризмди өнүктүрүү боюнча долбоорлор сунушталды

Кыргызстанда 2023-жылы туризмди өнүктүрүү багытында бир катар долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунун башчысы Елена Калашникова министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өткөн Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында билдирди.

Жыйында Елена Калашникова 2023-жылга пландары тууралуу айтып, мекендештерибиз жакшы шарттары каралган эс алууну көбүрөөк тандап жатканын белгиледи. Ал кошумчалагандай, фонд коомдук пикирге сурамжылоо жүргүзүп, анын жыйынтыгы ички туризмди өнүктүрүү боюнча алдыдагы долбоорлордун негизин түзгөн.

Ал ошондой эле жакынкы жылдарда ишке ашырыла турган ири долбоорлорго: Чүй облусунда жыл бою эс алуучу аймакты, Ысык-Көл облусунда түштүк жээгинде улуттук спорт комплексин жана бардык туристтик жайларга кеткен жол боюнда эс алуу жайларын куруу маселесине ( эс алуу зоналары) токтолду.

Мындан тышкары, «Алга кадам» жана «Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы» коомдук бирикмелеринин бет ачарлары угулуп, алар аркылуу айылдарды, аймактарды өнүктүрүү боюнча элдин демилгелери, идеялары ишке ашырылууда.

Акылбек Жапаров мындай долбоорлорду колдоого даяр экенин айтып, алардын зарылдыгын, анткени алар биринчи кезекте жергиликтүү тургундардын сунуштарына негизделгенин белгиледи.

«Бул жашоону камсыздоонун артыкчылыктуу маселелерин чечүүгө калктын катышуусунун ийгиликтүү мисалы. Биз бардык багыттар боюнча жардам берүүгө даярбыз, тиешелүү мамлекеттик органдар менен билим-тажрыйбаңыздар менен бөлүшүүнү суранам», — деди министрлер кабинетинин башчысы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>