Президент Матраимов, Көлбаев, Атазов анын эскертүүсүнө көңүл бурбаганын айтты

Президент Матраимов, Көлбаев, Атазов анын эскертүүсүнө көңүл бурбаганын айтты

Издөөгө алынган бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов эки жолу президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болгон. Бул тууралуу өлкө башчысы кезектеги маегинде билдирди.

Жолугушууга Райымбек Матраимов,  уюшкан топтун жетекчиси Камчы Көлбаев  жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан. Садыр Жапаровдун айтымында, анын эскертүүсүнө карабай, кримтөбөл бизнесмендерди тоноону уланткан.

«Ошондо Көлбаевке катуу эскерткем: «Эски заманыңарды унуткула, элди, бизнесмендерди тонобогула, криминалдар бири-бириңерди өлтүрбөгүлө. Саясатчылардын, инвесторлордун бир тал чачы түшпөсүн. Мындан ары тынч, мыйзам менен жашагыла»- деп. Тилекке каршы анысы токтободу. Базарларда майда чүйдө бизнестерге чейин үлүшкө олтуруп, кээ бир бизнесмендердин мүлктөрүн тартып алган фактылар аныкталды», — дейт президент.

Экинчи жолу Райым Матраимовдун өзүн кабыл алып, 2 миллирд төлөп, кылмыш жоопкерчилигинен кутулгандан кийин тынч жашап, криминал менен достошпоого чакырган.

«Криминалдарга аралашпа, алар менен дос болбо» деп айткам. Тилекке каршы байланышын үзбөптүр да. Атайы кызматы анын криминал менен байланышкан иштерин таап чыгышты», — дейт Садыр Жапаров.

Президент Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун кечээги билдирүүлөрүнө дагы токтоло кетти. Ал аны менен жолугушууну каалагандардын баарын кабыл алып келет.

«Мен депутаттарды эле эмес, элдин баарын кабыл алып жүрөм. Сылык мамиле жасап, эскертем. Анан эле менин эскертүүмө көңүл бурушпаса өздөрүнөн көрүшсүн», — деди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, Камчыбек Көлбаев 2023-жылдын октябрь айында аны кармоо учурунда өлтүрүлдү. Ал эми Райымбек Матраимовго учурда издөөдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>