УКМК мурдагы айыл чарба министри Эркинбек Чодуевди кармады

УКМК мурдагы айыл чарба министри Эркинбек Чодуевди кармады

Кыргызстандын мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев кармалды.

УКМКнын маалыматы боюнча, Чодуевге Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча кылмыш иш козголгон. Ал «Лиматекс пахта корпорациясы» ЖЧКсынын аткаруучу директору болуп туруп, компаниянын Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан жалпы аянты 50 гектардан ашык жерин мыйзамсыз менчиктештирүү жолу менен жеке тараптарга сатып жиберген. Келтирилген зыян, алдын ала эсеп боюнча, 500 млн сомго жетет.

Чодуев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда аталган коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, Эркинбек Чодуев 2019-жылы 30-майда айыл чарба министри кызматына дайындалып, 2020-жылы 21-октябрда кызматтан алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>