Жапаров мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Жапаров мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргызстан билим берүү системасынын өзөгүндө кайталангыс улуттук баалуулуктардын сакталышына маани бериши керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун  билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата куттуктоосунда айтылат.

Өлкө башчысы мугалимдерди улуттук балуулуктарга басым жасоо менен бирге дүйнөдөгү билим берүү процессинин алдыңкы тажрыйбаларын, жаңычыл ыкмалар менен жогорку технологияларды колдонууга чакырат.

Ал мугалимдик кесиптин жүгү оңой эместилин белгилеп,  бул ыйык наамды адамгерчилик менен акылмандыкты айкалыштыра билген, боорукерлик сезимдерге бөлөнүп, мээримин чача билген инсандар гана көтөрө аларын айтат.

“Мына ошондуктан кайсы гана коом болбосун, жогорку адеп-ахлакты, маданияттуулукту жана терең билимди алып жүрүүчү катары Мугалимге өзгөчө сый-урмат көрсөтүп келишет. Анткени алар бүт өмүрүн, бар күч-дараметин жаштарга таалим-тарбия, терең билим берүүгө арнаган адамдар.  Мамлекетибизде өз ишине берилип иштеген мугалимдерибиз арбын. Алардын педагогикалык чеберчилиги менен жаш муундардын көп кырдуу таланты ачылып, республикабызда билим берүү потенциалы өсүүнүн үстүндө. Акыркы жылдары республикалык жана эл аралык олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болгон окуучуларыбыздын саны өсүп баратканы кубандырбай койбойт”, — дейт президент.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>