Жапаров өзбекстандык кесиптеши менен жолукту. Эмнени талкуулашты?

Жапаров өзбекстандык кесиптеши менен жолукту. Эмнени талкуулашты?

Өзбекстанда жумушчу сапары менен жүргөн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Сардор Умурзаков менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

«Мамлекет башчыларыбыз тарабынан айтылган демилгелерди жана макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу чек ара аймактарынын экономикалык өнүгүүсүнө мультипликативдик эффект түзүп, кошумча инвестицияларды тартууга, транспорттук жеткиликтүүлүктү чыңдоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жыйынтыгында калктын жашоо-шартын жакшыртууга өбөлгө түзөт деп ишенем», — деди А.Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле 30 жылдын ичинде эки республиканын ортосунда бир туугандык, өз ара түшүнүшүү жана колдоо көрсөтүү маанайында кыргыз-өзбек мамилелерин кеңейтүү жана чыңдоо боюнча бир топ иштер аткарылганын белгиледи.

Бул жаатта Акылбек Жапаров эки өлкөнүн экономикасы жакынкы келечекте тышкы соодадагы 2 млрд АКШ доллары көлөмүндөгү чекти басып өтүү үчүн жетиштүү потенциалга ээ экендигин баса белгиледи.

«Бул максатка цементти, көмүрдү, түстүү металлдарды, айыл чарба жана текстиль продукцияларын, химиялык жер семирткичтерди, тиричилик жана коммерциялык жабдууларды, фармакологиялык дармектерди өз ара жеткирүүлөрдү көбөйтүү аркылуу жетишүүгө болот», — деди министрлер кабинетинин башчысы.

Өз кезегинде Сардор Умурзаков бардык түзүлгөн келишимдерди жана даяр долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>