Кыргызстанда айылдардын саны көбөйдү. Долбоор колдоо тапты

Кыргызстанда айылдардын саны көбөйдү. Долбоор колдоо тапты

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Мыйзам долбоору менен өлкөнүн төрт облусундагы айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү сунушталган.

Алар:

— Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Жетиген, Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын Ак-Тилек, Умай-Эне;

— Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын Кызыл-Суу 2, Ноокен районунун Сакалды айыл аймагынын Сай-Бою, Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Жаңы-Арык жана Кырк-Казык, Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Биримдик;

— Ош облусунун Алай районунун Жошолу айыл аймагынын Кара-Токту, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагынын Достук, Сары-Колот айыл аймагынын Бөрүлүк, Ноокат районун Төөлөс айыл аймагынын Кара-Кечит, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат жана Боз-Ала;

— Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң айыл аймагынын Ак-Булуң калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү сунушталган.

Андан тышкары, жыйында “КР айрым мыйзам актыларына (Административдик-процесстик кодексине, Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору да үчүнчү окууда каралды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>