Жапаров соодагерлердин митинггине криминал аралашканын айтты

Жапаров соодагерлердин митинггине криминал аралашканын айтты

Базарларда өткөн митингге криминал дагы аралашты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коопсуздук кызматы ишкерлердин митинги боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.

«Жөнөкөй соодагерлердин ичинде кыпындай да кир жок. Ал байкуштар өз проблемаларын чечип алсак болду деп митингге чыгышты.  Ал эми алардын митингге чыкканынан пайдаланып кетели деген илгерки «чоң акырдан жем жеп» жүргөндөр, бүгүн ишсиз калгандар, криминалдар бири-бирине телефон чалышып, «сен тиги базарга бар, сен бул базарга бар, элди болушунча көбүрөөк чыгаргыла» деп сүйлөшкөндөрү бар. Айрымдары өз адамдарын каржылап да жиберишти. Мунун баары атайын кызматтардан каттоодон өттү. Эгер атайын кызмат тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн жашыруун эмес десе, маалымат булактарынан сөздөрүн угуп калаарсыңар», — дейт Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, Бишкекте жана аймактарда бир жума бою митингдер өттү. «Кара-Суу» жана «Дордой» базарынын соодагерлери патент системасын калтырууну талап кылса, башка ишкерлер контролдук-кассалык аппараттарды коюга каршылык билдирүүдө.

Кечээ президент Садыр Жапаров «Дордой» базарындагы жолугушууда чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнө июль айына чейин патент менен иштөөгө уруксат берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>