Жапаров Венгрияда Кыргызстандын соода үйүн ачууну сунуштады

Жапаров Венгрияда Кыргызстандын соода үйүн ачууну сунуштады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда Будапештте өткөн Венгер-Кыргыз бизнес-форумуна катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Венгриянын экономикалык өнүктүрүү министри Мартон Надь, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилери, ошондой эле Кыргызстандын жана Венгриянын туризм жана курулуш, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, фармацевтика, энергетика, өнөр жай өндүрүшү ж.б. тармактарынын өкүлдөрүнөн турган 100гө жакын ири компаниялар катышты.

Форумдун ачылышы Кыргызстандын инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган видеоролик менен башталды.

Садыр Жапаров белгилегендей, соода-экономикалык кызматташтык боюнча 2021-жылы уставдык капиталы 50 миллион доллар болгон Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөн. Фонддун ишмердүүлүгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана бизнес-секторуна финансылык колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Учурда жалпы суммасы 26 млн АКШ долларын түзгөн конкреттүү бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.

Өлкө башчы эки өлкөнүн соода алмашуусу боюнча айтып, 2022-жылдын 11 айында өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 7,6 млн АКШ долларын түзгөн.

“Бул багытта жакынкы жана алыскы рынокторго органикалык продукциянын экспортун илгерилетүүгө биздин колубузда бардык мүмкүнчүлүктөр бар.
Кыргызстандын  чоң экспорттук дараметине карабастан, биз агро-өнөр жай комплексинде жаңы технологияларды колдонуу боюнча Венгриянын тажрыйбасына кызыкдарбыз”, — деди президент.

Ошондой эле, ал Кыргызстандын продукциясын Венгрияга эч кандай алымдарсыз экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеп, “Ушуга байланыштуу Венгрияда Кыргызстандын соода үйүн ачуу, өндүрүштү көчүрүү жана Кыргызстандын аймагында экологиялык таза продукцияларды чыгаруу боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайм”, — деди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>