Жапаров «Жакынкы Чыгыштагы баскынчылыкка» каршы биригүүгө чакырды

Жапаров «Жакынкы Чыгыштагы баскынчылыкка» каршы биригүүгө чакырды

Кыргызстан Газа тилкесиндеги зордук-зомбулукту токтотуп, БУУнун Палестин-Израиль жаңжалы боюнча резолюциясын ишке ашырууну талап кылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Эр-Рияд шаарында өткөн Ислам Кызматташтык Уюмунун 8-кезексиз саммитинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Ал Кыргызстан Палестинага гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

«Газа тилкесиндеги уруш аракеттери Палестина элинин көп сандаган курмандыктарына жана азап-кайгысына алып келди, бул болуп көрбөгөндөй гуманитардык катастрофа», — деди Садыр Жапаров.

Кыргызстан Палестина элинин көз карандысыздыкка жана суверендүү мамлекетти түзүүгө болгон мыйзамдуу укуктарын тааныйт.

Садыр Жапаров БУУну Газа тилкесинде эффективдүү жана чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды.

«Ошол эле учурда, биздин Ислам Үммөтүнүн эл аралык коомчулукту бул баскынчылыкка каршы бирдиктүү жана консолидацияланган позицияны карманууга ынандыруусу жана кагылышуучу тараптарды сүйлөшүүгө отургузуу үчүн эл аралык аракеттерди активдештирүү зарыл», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>