Эр-Рияддагы саммитте Израилге курал сатууну токтотуу талабы айтылды

Эр-Рияддагы саммитте Израилге курал сатууну токтотуу талабы айтылды

Ислам Кызматташтык Уюмунун 8-кезексиз саммитинин катышуучулары дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн Израилге курал-жарак, ок-дары жеткирүүнү токтотууну талап кылышты. Бул тууралуу Al Qahera News жазып чыкты.

Иран президентти Эбрахим Раис Палестина элин курал менен камсыз кылууну сунуштады.

Алжир өлкөсү Израиль менен мамилени толук токтотууга чакырды.

Белгилей кетсек, саммитке Садыр Жапаров дагы катышты. Ал Кыргызстан Палестина элинин көз карандысыздыкка жана суверендүү мамлекетти түзүүгө болгон мыйзамдуу укуктарын тааный турганын айтты.

Бишкекте эки жолу Израилдин чабуулуна жана блокадасына кабылган Газа секторун колдоп 2 митинги өттү. Ал жарандык активисттер тарабынан уюштурулду.

Ага чейин Жогорку Кеңеште Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга карата Кыргызстандын көз-карашын билдирүү,  Газага гуманитардык жардам берүү маселесин көтөрүлгөн. Депутаттар бир күндүк маянасы Палестинага которуу токтомун кабыл алышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>