Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Жапырт уулануу: Жабырлангандардын саны 118ге жетти
25.10.2021 | 15:44
«Империя пиццы» кафелер тармагынан уулангандардын саны улам барган сайын өсүүдө. Учурда 118ге жетти. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлиги 14:30 убакыт аралыгындагы такталган маалыматын таратты.
Маалыматка караганда, “Темир жолу” мамлекеттик ишканасынын бейтапканасына 98, шаардык клиникалык ооруканага 13 өспүрүм, Чүй облустук бириктирилген ооруканасына 2, Жайыл райондук жалпы дарыгерлик борборуна 5 киши кайрылган.
Ушул тапта “Темир жолу” мамлекеттик ишканасынын бейтапканасына 10, шаардык балдар ооруканасына 13 бала дарыланууда. Абалдары туруктуу. Калгандары медициналык жардамдарды алгандан соң үйлөрүнө дарыланууга кетишкен.
«Империя пиццы» кафелер тармагы жапырт уулануудан улам убактылуу ишин токтотту.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом