Мораторий алынды. Бардык тамактануучу жайлар текшерилет

Мораторий алынды. Бардык тамактануучу жайлар текшерилет

Тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү менен алектенген объектилерди текшерүүгө киргизилген мораторий алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, өкмөттүн 2018-жылдын 17-декабрындагы “Ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу тыюу (мораторий) киргизүү жөнүндө” токтомуна тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Бишкектеги массалык тамак-аштан ууланган соңку окуяга байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун адистери республиканын бардык аймагындагы тамак-аш сатуучу жайларды текшерет.

Эске салсак, эки күндүн ичинде 118 адам «Империя пиццы» тамактануучу жайдан ууланып, медициналык мекемелерге кайрылган. Бир бейтап стационардык дарыланууда, абалы туруктуу.

Жабыркагандар шаардын ар кайсы аймактарында жайгашкан «Империя пиццадан» тамактанышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>