Жарандар айып үчүн өлкөдөн чыга албай жатышат, — депутат (видео)

Жарандар айып үчүн өлкөдөн чыга албай жатышат, — депутат (видео)

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Жакышев “Коопсуз шаар” долбоору боюнча маселе көтөрүп, айып пулдарды төлөө үчүн аэропортторго терминалдарды коюуну сунуштады.

Анын айтымында, жол эрежесин бузганы үчүн 1-3 миң сомдук айып пул төлөбөгөн жарандар өлкөдөн чыга албай убара болуп жатышат.

“Мага жарандар кайрылып жатышат. Майып жигит чет өлкөгө операция жасатуу үчүн кетмек экен. 2-3 миң сом айып үчүн өлкөдөн чыга албай жатышыптыр. Унаасын 2-3 жыл мурун сатканы менен айып пулдар ага келип жатканын айтты. Бул боюнча МАИге Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылган экен. Эми операцияга деген каражатын айып пулга төлөп жатыптыр”, — деди депутат.

Эл өкүлү жарандар мындай маселеде жабыркабашы керектигин жана аэропорттордо тиешелүү кызматтардын кызматкерлери сөзсүз болушу керктигин айтып, бул маселени чечип берүүнү өтүндү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>