Мурдагы депутат Абировдун парламентте сүйлөгөн сөзү — видео

Мурдагы депутат Абировдун парламентте сүйлөгөн сөзү — видео

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров 5-апрелде парламенттин жыйынында сөз сүйлөдү.

Ал парламентте 1 жыл 3 ай иштеген.

Белгилей кетсек, Жаныбек Абиров 27-мартта мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми БШК анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда кафелердин биринде эки адам ур-тепкиге алынганы тартылган видео тараган. Жабыркаган адамдар ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлери болгон. Ал эми, алардын бирөөсүн ур-тепкиге алган адам Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени белгилүү болгон.

14-мартта Жаныбек Абиров аталган окуя боюнча үн катып, сабалган жарандан жана элден кечирим сураган.

Бул окуядан кийин Башкы прокурор Жогорку Кеңешке депутат Жаныбек Абировду айыпкер катары жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизген. 

15-мартта Жогорку Кеңеште Башкы прокурордун сунушун кароо боюнча атайын комиссия түзүлгөн. 

28-мартта эки тарап жолугушуп, Абиров жабыркаган күзөтчүдөн жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн кечирим сураган. Ошондой эле, Абировго козголгон кылмыш иши токтотулганы маалымдалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>