Баткенде жаштар үчүн 12 млн сомго спорт комплекс курулууда

Баткенде жаштар үчүн 12 млн сомго спорт комплекс курулууда

Баткен шаарында жаштар үчүн бардык шарты бар заманбап спорт комплексинин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Спорт комплексин куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 12 млн сом каралган. Учурда курулуш иштери 80%га аяктап калган.

«Бул спорт мекемесинде  жаштар волейбол, баскетбол, футбол, күрөш боюнча машыкса болот, ошондой эле комплексте аялдар, эркектер үчүн өзүнчө машыгуучу залдары, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрү, жуунучу жай менен ашканасы да пландаштырылган. 

Белгилей кетсек, шаарда жаштар үчүн спорт комплексинин жоктугунан жаштар орто мектептердин спорт залдарында сабактан кийинки убактарда, кечинде машыгууга мажбур болуп келишет. Ал эми кыз келиндер үчүн спорт менен машыгуу залдары болгон эмес», — деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>