Бишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чууКыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталууда
Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек камакта калды
04.07.2022 | 11:37
Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек 29-июлга чейин камакта калтырылды. Бул маалыматты Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн тастыкташты.
Маалыматка караганда, ал №1 тергөө абагына киргизилди.
Адилет Али Мыктыбек 30-июнда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кармалган. Милиция ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Жарандык активист Бишкектеги ар кандай нааразычылык акцияларды, митингдерди социалдык тармактарда түз эфир аркылуу чагылдырып жүрөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом