Жарандык коом милицияны реформалоону талап кылууда

Жарандык коом милицияны реформалоону талап кылууда

«Реформа жана жыйынтык үчүн» жарандык бирикмеси адегенде уурдалып, анан киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын окуясы жалпы тартип жана укук коргоо тармагын реформалоо зарыл экенин көрсөткөнүн айтып чыкты.

Уюм тараткан билдирүүдө милиция кызматкерлери кыздын уурдалганы тууралуу маалыматка өз учурунда реакция кылбай, зомбулуктун курмандыгын коргой албаганы белгиленген.

«2020-жылы 175-берене («Мажбурлап никеге тургузуу») менен сотко чейинки өндүрүшкө 215 иш алынган. Сотко болгону 13 иш гана жеткен. Ала качууга туш болгон аялдардын 81% милицияга кайрылган эмес, кайрылгандары да милициянын аракетсиздигине дуушар болгон. Үй-бүлөлүк зомбулук жана кыз-келиндердин уурдалышын — погончон адамдар олуттуу кабыл алышпайт. Толук реформа болмоюнча, система өзгөрбөйт», деп жазылган маалыматта.

Жарандык бирикме мындан тышкары зомбулуктун алдын алуу иштери кагаз жүзүндө отчет үчүн гана эмес, жаңы окуяларды болтурбоо максатында жүргүзүлүшүн белгилеген. Уюм ички иштер тармагын күч кызматкери эмес, жарандык министр башкарса адам укуктарын коргоо жакшы жолго коюлат деп эсептейт:

«Азыркы учурда ИИМдин күчү жана мүмкүнчүлүктөрү саясий топтордун кызыкчылыгын коргоого багытталган. Кадр саясаты адис кызматкерлерди иштен кетүүгө мажбурлайт. Тармакты аял жетектегени максаттуу».

27 жаштагы Айзада Канатбекованы 5-апрелде саат 7:30 чамасында үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден машинеге каршылык көрсөткөнүнө карабай салып кеткен. Бул ошол жердеги мекеменин видеокамерасына түшүп калган.

Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган. Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирди. Теңизбаев мурда Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду. Айзада Канатбекованы уурдоого катышкан деп шек саналган төрт адам кармалды.

Бул окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. 8-апрелде Бишкекте жана Ошто ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.

Айзаданын өлүмүнө моралдык жоопкерчилик сезерин ички иштер министри Улан Ниязбеков 8-апрелде парламентте билдирген. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев Айзаданын өлүмү үчүн милициянын атынан кечирим сураган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>