Оштогу ЖКККБ заманбап каражаттар менен камсыздалды

Оштогу ЖКККБ заманбап каражаттар менен камсыздалды

Ош облустук Ички иштер башкармалыгы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү заманбап каражаттар менен камсыздала баштады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-апрель күнү Ош ОИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууга зарыл болгон жаӊы заманбап таякчалар жана жилеттер менен камсыздалды.

«ЖКККБнын кызматкерлеринин заманбап таякчалар жана жилеттерден сырткары атайын кызматтык 6 унаасы заманбап жаркылдаган жарыктандыруучу аппарат менен жабдууланды. Бул аппараттын артыкчылыгы 3 абалда жаркылдоочу кесиетке ээ. Үн чыгаруучу аппараты да сапаттуу жана электр жарыгын аз сарптоосу менен ыӊгайлуу», — деп айтылат маалыматта.

Таякчалардын өзгөчөлүгү:  электр зымына жана автоунаанын акумляторуна уланып заряд алуусу, таякчада орнотулган кнопка менен үн чыгаруучу ышкырыгы, түндөсү кагаз жазганга ыӊгайлуу фонариги, автоунаанын капотуна жабышуучу магниттүү кармагычы, 3 абалда жарыктандыруучу таякчанын жарыгы менен камсыздалганы айтылат.

Ал эми кызматтык кийимдин үстүнө кийилүүчү жилет алыстан жаркырап көрүнүүчү өзгөчөлүгү жана жамгыр өткөрбөөчү сапаты менен айрымаланып турары баса белгиленген.

«Бул жабдуулар биринчи кезекте кызматкердин коопсуздугун камсыз кылса, экинчиси жарандар менен иш алып барууда санитардык эрежелерди так сактоого өбөлгө түзөт. Анткени ышкырык чалуу үчүн маскасын чечүүгө мажбур болбойт. Үстүнө кийген жилети аркылу жол кыймылынын коопсуздугун сактоодо иштеп жаткан ЖКККБнын кызматкерлерин түн ичинде  жана күндүзү жолдо тургандыгын алыскы аралыктан байкоого болот.

Жакынкы аралыкта райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн ЖКККБнин кызматкерлери да заманбап каражаттар менен камсыздалмакчы. Бул жасалып жаткан кадамдар жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, жолдогу жол кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу максатында болуп жатат«, — деп айтылат билдирүүдө.

Тэги: ЖКККБ ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>