Жарык эскертүүсүз өчүрүлгөн учурда жарандар сотко кайрыла алары айтылды

Жарык эскертүүсүз өчүрүлгөн учурда жарандар сотко кайрыла алары айтылды

Энергетика жөнүндө мыйзамга ылайык электр жарыгын эскертүүсүз өчүрүү мыйзамсыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гуля Кожогулова билдирди.

Ал жарыкты өчүрүүдөн муздаткыч жана башка тиричилик техникасы бузулуп, элдер чыгымга учурап жатканын айтты.

«Сиздер негизсиз, эскертпей өчүрө албайсыздар. Биздин элибиз сабырдуу, чыдамдуу болгондуктан сотко кайрылбайт. Эгер жарандардын баары доо арыз жазса, анда билесиңерби кандай бум болот. Электр жарыгы менен жылытылган үйлөрдө отказандар бузулуп жатат», — деди ал.

Энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев азырынча бир дагы керектөөчү чыгымын өндүрүү максатында мекемени сотко бере элек.

«Аба ырайына байланыштуу электр жарыгын колдонуу өсүп жатат. Андыктан азыр дагы өчүрүлүп турат. Күн жылып кетсе эле чектөө болбойт», — деди ал.

Белгилей кетсек, 5-марттан тарта электр жарыгын колдонууга чектөө киргизилип, ал өчүрүлүп баштады.

Кыргызстанда электр энергиясын өчүрүү токтоду, — министрлик

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>