Жасалма диплом: Кочкор-Атада дарыгер пара менен кармалды

Жасалма диплом: Кочкор-Атада дарыгер пара менен кармалды

Кочкор-Ата шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун дарыгери УКМКнын кызматкерине пара берүүгө аракет кылган учурда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 28-июлунда УКМК кызматкерине 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын пара катары берүүгө аракет кылып жаткан жеринен Кочкор-Ата шаардык жалпы медициналык практика борборунун үй-бүлөлүк дарыгери Т.Г.Х. кармалды.

Кармалган адам Бишкектеги Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жогорку билими тууралуу жасалма дипломду пайдаланып, ага акт түзүп өз ыктыяры менен берүүсү аныкталган, бирок кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу амалында текшерүүнү токтотуу жана фактыны жашыруу үчүн КР УКМК кызматкерине пара сунуштаган.

Кармалган жаран мурда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айылындагы аймактык оорукананын филиалында хирург болуп иштеген.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгүндө (Пара берүү) каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталган.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>