Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Жасалма диплом: Ленин райондук сотунун судьясына иш козголду
05.07.2022 | 15:14
Ленин райондук сотунун судьясы дипломду мыйзамсыз алганы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 4-июлда УКМК тарабынан Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Т.М. жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алуу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду.
2003-жылы Т.М. КУУнун экономика факультетинин 3-курсунда окуп жүрүп, ушул эле окуу жайдын юридикалык факультетинин 1-курсуна мыйзамсыз түрдө тапшырган.
Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары, анын ичинде судья Т.М. жогорку билими тууралуу жасалма дипломду пайдалануу фактысын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом