Жасалма документтерди пайдаланган чет өлкөлүк адам кармалды

Жасалма документтерди пайдаланган чет өлкөлүк адам кармалды

Жалал-Абадда жасалма документтерди пайдаланган чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 359-берене (Документтердин жасалмасы) боюнча  жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 30-апрелде Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан Өзбекстандын 37 жаштагы М.Ж. аттуу жараны кармалды.

Ал 2018-жылы Ноокен районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү тарабынан берилген, 1980-жылы туулган Кыргыз жараны С.Т.нын наамына таандык жасалма паспорт менен Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн.

Бул факты 358-берене (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш  башталган.

Ошол эле күнү чет өлкөлүк жаран 98-берененин негизинде камакка алынган.

6-майда соттун токтомунун негизинде шектүү жашап жаткан үйгө тинтүү жүргүзүү учурунда 1980-жылы туулган С.Т.нын наамына алынган туулгандыгы жөнүндөгү жасалма күбөлүк, болжолу менен 15 грамм марихуана баӊгизати, диний мазмундагы китепчелер жана уюлдук телефон табылып алынган.

Азыркы учурда, алынган далил буюмдар боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштер жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>