Жасалма ПЦР тесттер. Министрлер кабинети мыйзам бузууларды иликтөөнү тапшырды

Жасалма ПЦР тесттер. Министрлер кабинети мыйзам бузууларды иликтөөнү тапшырды

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова бүгүн, 25 -августта, көз карандысыз журналисттер Али Токтакунов менен Мээрим Сырдыбаеванын материалында көрсөтүлгөн ПЦР тесттеринен өтүү тууралуу жасалма тастыктама берүү фактылары боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.

Жылдыз Бакашова мындай мыйзам бузууларга жол берилбестигин эске салып, Ички иштер министрлигине журналисттердин иликтөөсүндө айтылган фактылар боюнча белгиленген тартипте териштирүүнү баштоону тапшырды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине бир жуманын ичинде мыйзам бузуу фактыларын изилдөө, анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке менчик лабораториялардын ишин кароо тапшырылды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Чек ара кызматына материалда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү жана мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу чараларын көрүү тапшырмасы берилди.

Кыргызстанда жасалма ПЦР-тесттерди саткан шылуундар көбөйдү

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>