Кыргызстандын жаш шахматчылары колдоого муктаж

Кыргызстандын жаш шахматчылары колдоого муктаж

Жогорку Кеңештин депутаттары Сеидбек Атамбаев жана Дастан Бекешев Кыргызстанда шахматтын өнүгүшүнө салым кошкон алдыңкы шахматчылар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда шахматчылар Кыргызстанда бүгүнкү күндө гроссмейстер наамын алган шахматчы чыга электигин айтышып, өлкөдө бул тармакты өнүктүрүү жана жаш таланттарды колдоо боюнча улуттук программаны иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө пикирлерин билдиришти. Маалым болгондой, чек аралаш Казакстан менен Өзбекстанда 20дай гроссмейстер наамын алган шахматчы бар.

Өз кезегинде депутаттары мындай программаны колдоого жана аны парламенттин талкуусуна коюуга даяр экендигин белгилешти.

Ошондой эле, жолугушуу учурунда Жогорку Кеңештин депутаттары менен келечектүү жаш шахматчылардын ортосунда шахмат боюнча мелдеш өткөрүү боюнча ой-пикирлер айтылды. Соңунда депутаттар Кыргызстанда шахматтын өнүгүшүнө салым кошкон алдыңкы шахматчыларга Ыраазычылык каттарды тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>