Жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип эстрада ырчысы камалды

Жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип эстрада ырчысы камалды

Өзбекстандын Самарканд облусунда соттун токтому менен жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген белгилүү эстрада ырчысы Жасур Умиров камалды. Бул тууралуу Самарканд облустук прокуратурасы кабарлады.

Маалыматка караганда, ырчыга карата 9-октябрда “Жабырлануучунун алсыз абалынан пайдаланып зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.

Жабырлануучу адвокаты менен бирге облустук прокуратурага кайрылып, кылмыш иши жакшы иликтенбей жатканына нааразылыгын билдирген.

Доо арызды Самарканд облусунун прокурору Р. Машарипов карап чыгып, кылмыш иши облустук прокуратуранын көзөмөлүндө экенин, жакында соттун чечими чыгарын айткан.

Мындан соң чогулган далилдердин негизинде 21-декабрда сот шектүүгө айып тагып, аны камакка алуу боюнча чечим чыгарды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>