Орозайым Нарматова камакта калтырылды

Орозайым Нарматова камакта калтырылды

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочунун арызы каралып, Нарматова камакта калтырылды. 

Шаардык сот, буга чейин Биринчи май райондук соту чыгарган Нарматованы 26-декабрга чейин камакка алуу тууралуу чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Ал «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектелип кармалган.

Эскерте кетсек, Орозайым Нарматованын Москвада кармалганы тууралуу 27-октябрда кабарланган, ал эми 28-октябрда ал Кыргызстанга алынып келген. Нарматова Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитетинин мүчөсү болгон. Аны менен бирге Кыргызстанга Москвада кармалган активист Илгиз Шаменов алынып келген.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Жапырт камоолор: Камакта калтырган сот чечими — тизме

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>