Жайыттарда, парктык-пляждык зоналарда мототранспорт менен жүрүүгө тыюу салынды

20.05.2026 | 14:43
Мототранспорт каражаттары тоодо

Министрлер кабинети Кыргызстандын айрым аймактарында мототранспорт каражаттарын айдоого тыюу салды. Тиешелүү токтом экосистемаларды сактоо жана жаратылыш ландшафттарынын бузулушун алдын алуу максатында кабыл алынган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кыматы билдирди.

Ага ылайык, мототранспорттун кирүүсүнө жана жүрүүсүнө төмөнкү жерлерде тыюу салынат:

  • өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында;
  • парктык-пляждык зоналарда;
  • жайыттарда.

Бул чектөөлөр жалпы пайдануудагы автомобиль жолдоруна, ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында белгиленген тартипти сактоо менен уюштурулган туристтик жолдорго, токтоочу жайларга жана экологиялык маршруттарга тоскоолдук кылбайт. Мындан тышкары, киргизилген чектөөлөр мамлекеттик маанидеги илимий-изилдөө жана маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүнү чектебейт.

Ал эми Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жана белгиленген режимдин сакталышын көзөмөлдөөгө милдеттендирилди.

Scroll to Top