Эксклюзив

«Кыргызстандын жамгырын уурдап кетишеби?» Казакстандагы эксперименттин тобокелдиктери тууралуу эксперттердин пикири

20.05.2026 | 14:40

Өткөн жуманын аягында Министрлер кабинетинин мурдагы башчысы Акылбек Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында пост жазып, Казакстан жасалма жол менен жаан-чачынды көбөйтүү технологияларын практикалык түрдө колдонууга киришкенине олуттуу тынчсыздануусун билдирген. Reporter.kg бул маселе боюнча тармактык эксперттердин пикирлерин топтоду.

Министрлер кабинетинин мурдагы башчысы Акылбек Жапаров.

Жапаровдун пикиринде, табиятта эч нерсе жок жерден пайда болбойт жана эч нерсе изсиз жоголбойт: атмосфера, аба агымдары, нымдуулук, мөңгүлөр жана жаан-чачындар бири-бири менен байланышкан бирдиктүү системаны түзөт. Ага жасалган ар кандай масштабдуу кийлигишүүнүн кесепеттери бир өлкөнүн чегинен чыгып, башка жактарга да тийиши мүмкүн.

Белгилей кетсек, Казакстан бул долбоорду БАЭнин (Бириккен Араб Эмираттары) Метеорология боюнча улуттук борбору менен биргеликте ишке ашырууда.

Гамал Соронкулов, эколог-эксперт:

Гамал Соронкулов, эколог-эксперт.


— Практик эколог катары мындай маселеде коңшулар менен кеңешип коюу керек болчу деп эсептейм. Мүмкүн, бул маселени экологиялык саммитте, жолугушууларда талкуулоо зарыл эле.


Бизде дал ушул суу ресурстары, климаттын өзгөрүшү боюнча долбоор бар жана бир нече күн мурун түштүктөгү бет ачар учурунда мен акыркы убакта дал ушул суу ресурстары боюнча түрдүү деңгээлдеги мамлекеттер аралык жолугушуулар өтүп жатканына, тараптар сүйлөшүп, маселелерди биргелешип чечип жатканына кубанып турганымды айттым эле. А бүгүн жасалма жамгыр тууралуу жаңылыкты угуп отурам…

Кандайдыр бир жашыруун картаны сууруп чыккандай эле сезим калтырды. Чынында ушундай эле болду да — эч кандай макулдашуусуз, сылыктыкка жатпайт, ал тургай коңшулукка да, мырзалыкка да (джентльмендикке) сыйбаган, осол көрүнүш деп айтсак болот. Жана да Инжилдеги (Библиядагы), Курандагы «зыян келтирбе» деген постулат так бузулду.


Балким, алдыда сүйлөшүүлөр болор, бирок эң жакын коңшубуздун мындай кадамга барганы абдан өкүнүчтүү. Дал ушул тең салмактуулук балансынын жана принцибинин бузулушу тирешүүгө алып келиши мүмкүн, анткени биз жакшы коңшулук принцибинин бузулганына ансыз деле нааразы болуп жатабыз.

Тутанган билик (фитиль) жарылууга (бикфордов шнуруна) айланып кетпесе экен деп үмүт кылалы. Анткени Казакстан өзүнүн эксперименти менен биздин тоолорго канчалык жакындаса, бул биздин мөңгүлөргө тикелей таасирин тийгизиши мүмкүн.

— Бул кадамды Казакстан макулдашышы керек беле? Мүмкүн, бул маселе кандайдыр бир эл аралык келишимдер менен жөнгө салынаттыр?


— Сүйлөшүүлөр эң жогорку деңгээлде жүрүшү керек болчу. Мындан тышкары, Борбор Азия өлкөлөрүнүн Суу ресурстары боюнча мекемелер аралык комиссиясы бар. Жок дегенде ушул деңгээлде чогулуп, жолугушуп, баарын талкуулоо керек эле.

Рысбек Сатылканов, КР Улуттук илимдер академиясына караштуу Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси:

Рысбек Сатылканов, КР Улуттук илимдер академиясына караштуу Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси


— Мен Акылбек Жапаровдун пикирин толугу менен тең бөлүшөм жана колдойм, ал баарын туура айтты, менин кошумчалай турган эч нерсем жок.

Кочкунбек Бакиров, КР УИАнын М. Адышев атындагы Геология институтунун география бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу, география илимдеринин кандидаты:

«Кыргызстандын жамгырын уурдап кетишеби?» Казакстандагы эксперименттин тобокелдиктери тууралуу эксперттердин пикири — Новости Кыргызстана

— Кочкунбек Бакирович, 2026-жылдын 17-майынан тартып Казакстан жамгырды жасалма жол менен чакыруу системасын толук масштабда ишке киргизди. Долбоор БАЭнин (Бириккен Араб Эмираттары) Метеорология боюнча улуттук борбору менен биргеликте ишке ашырылып жатканы белгилүү. Мындай эксперименттер Кыргызстан үчүн кандай тобокелдиктерди алып келет?


— Баарын изилдеп, эсептеп чыгуу керек. Анткени Казакстан, мисалы Жамбылда булуттарга активдүү таасир эте баштаса, бизде жаан-чачын жаабай калышы мүмкүн.

— Ыңгайлуу шарттарда жаан-чачынды жасалма жол менен чакыруу эмне берет?


— Жаан-чачынды жасалма түрдө көбөйтүү технологиясын колдонуу, россиялык окумуштуулардын маалыматы боюнча, таасир этүү аянтында сезондук жаан-чачындын катмарын 15–30 пайызга көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Бул Орусия, Беларусь, Монголия, Иран, Сирия жана Кубадагы чоң аймактарда жүргүзүлгөн ыкчам иштер менен тастыкталган.

— Борбор Азияда жана, тагыраак айтканда, Кыргызстанда жаан-чачынды жасалма чакыруу боюнча иштер жүргүзүлгөнбү?


— Белгилей кетчү нерсе, Борбор Азия аймактарында атмосфералык жаан-чачындарды жасалма жол менен көбөйтүү иштери узак тарыхка ээ.
80–90-жылдары Борбордук аэрологиялык обсерватория (БАО) менен Орто Азия аймактык илим-изилдөө институту (ОААИИИ/САРНИГМИ) биргеликте Өзбек ССРинин Каршы талаасында булуттарга активдүү таасир этүү аркылуу кошумча жаан-чачын алуу мүмкүнчүлүгүн изилдешкен. Кыргызстанда ирригация жана гидроэнергетика маселелери үчүн Токтогул суу сактагычын толтуруу максатында россиялык окумуштуулар Нарын дарыясынын бассейнинде изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн.


Көлдүн деңгээлин турукташтыруу максатында Ысык-Көлдүн үстүндө да бир нече эксперименттер аткарылган. СССРдин кулашы менен жаңы эле башталган иштер, тилекке каршы, токтоп калган.

— Борбор Азия аймагында суу ресурстары боюнча кандай курч көйгөйлөр жаралууда?


— Мисалы, Ооганстандагы (Афганистандагы) «Кош-Төбө» (же Куш-Төбө) каналынын — масштабдуу ирригациялык мегадолбоордун курулушу суу ресурстарынын тартыштыгы коркунучунан улам Өзбекстандын, ошондой эле төмөнкү агымдагы дагы бир өлкө — Түркмөнстандын олуттуу тынчсыздануусун жана нааразычылыгын жаратууда. Ал эми Ооганстандын сууну алууга укугу бар, анткени өлкөлөр ортосунда сууну сарамжалдуу бөлүштүрүү боюнча эч кандай келишимдер жок.

— Эгерде аймактагы өлкөлөрдүн бири ушундай эксперименттерди пландаштырып жатса, ал аны коңшу мамлекеттер менен макулдашышы керекпи?


— Ооба, сөзсүз түрдө маселенин укуктук тарабы болушу керек. Мисалы, Казакстан Чүй дарыясын трансчегаралык дарыя деп эсептейт жана анын суусунун бир бөлүгүнө укуктуу экенин айтат. Ошондой эле Өзбекстан менен Казакстан Сырдарыяны да трансчегаралык дарыя деп эсептешет жана ошондуктан союз мезгилинен бери сакталып калган суу бөлүштүрүүнүн эски системасы боюнча бул дарыянын агымынын көпчүлүк бөлүгүн алып турушат.


Эгерде, мисалы, Ысык-Көлдө ушундай изилдөөлөрдү жүргүзүп, жаан-чачын чакыра турган болсок, ал жабык ички бассейн болгондуктан, коңшу Казакстанга эч кандай таасир этпейт, ошондуктан бул жерде пикир келишпестиктер жаралбашы керек.

— Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу көйгөйү кантип туура чечилиши керек?


— Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу дагы жакынкы коңшуларыбыздын нааразычылыгын жана тынчсыздануусун жараткан эле. Каримовдун убагында (Ислам Каримов президент болуп турганда — ред. эскертүүсү) кырдаал Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы олуттуу конфликтке айланып кетүү коркунучунда турган. Бирок жолугушуулар, сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, тараптар маселени талкуулашты жана учурда баарын канааттандырган паритеттик чечим табылды.


Учурда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешкен күч-аракеттер менен Нарын дарыясында Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп жатышат. Бул долбоор Борбор Азиядагы кубаттуулугу 1860 МВт болгон ири гидроэлектрстанциясы болот жана бүтүндөй аймактын суу-энергетикалык балансы үчүн негизги мааниге ээ болот.

— Ал эми учурда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда мындай маселелер кантип жөнгө салынат?


— Сиз аймактагы трансчегаралык дарыялардын суу ресурстарын башкаруу, сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо максатында 1992-жылы түзүлгөн Борбор Азиянын Мамлекеттер аралык координациялык суу чарба комиссиясын айтып жатасызбы? Кыргызстан — Борбор Азиядагы өз аймагында толугу менен калыптанган өзүнүн суу ресурстарына ээ болгон жалгыз өлкө жана ал бардык коңшу өлкөлөрдү, анын ичинде Кытайды жана Тажикстанды суу менен камсыз кылат. Кыргызстандын Токтогул, Орто-Токой, Киров жана башка суу сактагычтарынын толушунан Кыргызстандын гана эмес, жакынкы коңшулардын да бакубаттуулугу жана жашоо-турмушу көз каранды.

Ошондуктан иштин мындай түрлөрүн пландаштырууда Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарын эске алуу зарыл.

Бактыбек Саипбаев, системалык аналитик, экономист жана юрист:

Бактыбек Саипбаев, системалык аналитик, экономист жана юрист.


— Сиздин сурооңузга жооп берүү мага кыйын, анткени биздин аймакта буга чейин мындай аналогдор болгон эмес, эч кандай маалымат жок, мунун аягы эмне менен бүтөрүн айтуу да кыйын.

Бизде метеорологдор, гляциологдор, климатологдор, сейсмологдор сыяктуу көптөгөн адистер бар. Алар, негизинен, көп жылдык изилдөөлөрдүн негизинде планетанын тигил же бул аймагындагы экологиялык абалды изилдешет. Идея боюнча, бизде да, мисалы, «жылдын баланча мезгилинде аба массалары түндүктөн түштүккө же батыштан чыгышка карай жылды…» деп айта ала турган адистер болушу керек эле.

Учурда глобалдык жылуулуктан улам климаттын дүйнөлүк деңгээлде жалпы тең салмактуулугу бузулууда, бул — өзүнчө чоң көйгөй. Окумуштуулар мунун адамдын ишмердүүлүгү менен канчалык байланышы бар экени боюнча катуу талашып-тартышууда. Айрымдары муну парник газдарына шылтап, уйлардын санын азайтуу аркылуу атмосферага бөлүнүп чыккан метандын көлөмүн азайтууну сунушташууда — бул бир чети.


Алардын оппоненттери буга жооп кылып, жанар тоо (вулкан) атылып жатканда дүйнөдөгү бардык уйлардын бөлгөн метанынан алда канча көп метан бөлүп чыгарарын жүйө келтиришет. Ошентип алар ушул негизде бири-бири менен, эл айткандай, «мүйүздөшүп» келишет.


Бирок адам тигил же бул аймактын климатына абдан катуу таасир эте алары — бул талашсыз чындык.


Мисалы, көп жерлерде адамдар саздарды кургатып салышкан, ал эми саздар — негизги табигый экосистемалардын бири. Саздар жерди нымдап, өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана курт-кумурскалардын тигил же бул түрлөрүнүн өсүп-өнүгүшүнө шарт түзгөн. Адамдар торф саздарын активдүү кургата баштаганда, мунун аягы кайгылуу бүттү — өрттөр чыга баштады, ал эми аларды өчүрүү кыйын, анткени торф жер астында айлап быкшып күйөт.

Муну менен катар өсүмдүктөрдүн курамы кескин өзгөрөт, бардык трофикалык чынжырлар катуу өзгөрүп, көбүнчө деградацияга учурап, жок болуп кетет. Адамдар муну түшүнүштү, бирок кеч болуп калды.
Дагы бир классикалык мисал — адамзат дайыма токойлорду кыюуда. Ошол токойлордун кыйылышы жана чөлгө айлануу процесси жыл сайын барган сайын чоң аянтты ээлөөдө. Эки учурда тең адам күнөөлүү.

Коңшуларыбыздын чектен чыккан чарбалык ишмердүүлүгүнүн аркасында Арал деңизи кургап калганда, Борбор Азия аймагында болуп көрбөгөндөй экологиялык катастрофа болгонун баары эле унутуп калгандай.

Башкача айтканда, көйгөйлөр көп: жалпы жылуулук, бүткүл дүйнө жүзүндө — Тибетте да, Анд тоолорунда да, Альпыда да байкалып жаткан мөңгүлөрдүн деградациясы, бирок дал биздин республиканын аймагында мөңгүлөрдүн тез эриши жүрүп жатат.

Мунун канча пайыз экенин сизге эч ким так айта албайт, эң аз дегенде — 30 пайыз экени анык. Айрымдар мындан да чоң сандарды аташат.

Кептин баары СССР кулагандан кийин 30-жылдардан бери жүргүзүлүп келген мөңгүлөргө байкоо жүргүзүү токтоп калганында. Андан кийин — «баш-башынча» кетишти: азыр алардын абалы кандай, эмне болот — эч ким билбейт, бирок мөңгүнүн деградациясы жүрүп жатат.

Ошондуктан, климаттын ушул жалпы тең салмактуулугунун бузулушуна кайрылып келсек, азыр биз түндүк арктикалык аба массаларынын түштүккө массалык түрдө кирип келишин, андан кийин Сахарага кар жаап, тескерисинче, түндүктө күтүлбөгөн жерден эрте гүлдөр ачылып же тундрада морошканын (жемиш) жашылданып жатканын көп көрүп жатабыз… Мурда ушундай болду беле?


Ошондуктан бул жалпы дүйнөлүк көйгөй — жалпы экологиялык дисбаланс, көнүмүш климаттык зоналардын, алкактардын жалпы тең салмактуулугунун бузулушу жүрүп жатат. Ал эми жасалма жамгыр чакыруу технологиясы боюнча төлгө ачуунун… (кереги жокпу дейм).

Ооба, албетте, жалпы теориялык көз караштан алганда, эгерде казактар жамгырды дал Түркстандын үстүнөн чакырышса, анда ал бизге жетпей калышы мүмкүн деп божомолдоого болот. Бирок буга жооп кылып Казакстан: “Ал жамгыр булуттарынын баары бизден силер тарапка бара жатканын ким айтты, балким, тескерисинчедир, балким, ал Сибирдир, балким, түндүктөндүр?” — деп айтышы мүмкүн.


Бирок биз Жакынкы Чыгыштагы конфликтте Иран баарын, анын ичинде БАЭнин жамгыр чакыруучу установкаларын да бомбалай баштаганын билебиз. Эми ирандыктар: бизде көп жылдан бери кургакчылык болчу, ал эми азыр жамгыр жаап жатат деп айтышууда.


Башкача айтканда, кыйыр түрдө жамгыр чакыруу технологиясы таасир этет деп айтса болот, бирок муну азыр далилдөө мүмкүн эмес. Казактар ойлоп тапкан нерсени мен колдобойм, бирок аларга тыюу сала албайбыз. Буга жооп кылып: бул силердин булутуңар экенин ким далилдеди дегенди угабыз. Анын үстүнө Казакстан — 2 миллион 800 миң чарчы километрди түзөт да.

Ошондуктан аларда шамал кандай жүрүп жатканын, кайсы тарапка, кайсы жактан согуп жатканын — аныктоо керек.


Ал эми Жапаров мырзанын кылганы… Жалпысынан мен, албетте, анын оюн колдойм, бирок баарын эсептөөлөр, божомолдор жана башка далилдер менен бекемдөө керек. Тилекке каршы, Кыргызстан булардын бирин да бере албайт. Эч нерсе бере албайт.

Маселенин укуктук тарабы:


Эдил Марлис уулу, коомдук ишмер:

Эдил Марлис уулу, коомдук ишмер.


— Азыркы учурда БУУнун (Бириккен Улуттар Уюмунун) колдоосу астында жасалма жол менен жаан-чачынды чакыруу (булуттарды себүү) технологияларын жарандык максатта колдонууну деталдуу түрдө жөнгө салуучу бирдиктүү, жалпыга бирдей келишим жок, бирок бул ишмердүүлүк экологиялык коопсуздукка тиешелүү бир катар эл аралык актылар менен жөнгө салынат.

1976-жылкы ENMOD Конвенциясы аба ырайына таасир этүү ыкмаларын тынчтык максаттарында колдонууга уруксат берилерин белгилейт. Мисалы, эгерде ал башка өлкөлөргө зыян келтирбесе, айыл чарбасы же кургакчылык менен күрөшүү үчүн колдонууга жол берилет.

Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюм (ДМО) өлкөлөрдү масштабдуу долбоорлор тууралуу коңшуларына алдын ала кабарлоого чакырат, анткени “жамгырды уурдоо” — шамалдын багыты боюнча төмөн жайгашкан аймакты жаан-чачындан куру калтырган булуттарды себүү — трансчегаралык конфликттерге себеп болушу мүмкүн.


Атайын конвенциялардан тышкары, жасалма жамгыр чакырууга «зыян келтирбөө» принциби сыяктуу жалпы экологиялык нормалар да колдонулат: мамлекет өз аймагындагы ишмердүүлүк коңшуларына экологиялык зыян келтирбешин көзөмөлдөөгө милдеттүү.


Бул маселеде эл аралык укук «көмүскө зоналарга» туш болот, анткени бир өлкөдөгү кургакчылык мурда коңшу өлкө бардык булуттарды “сыгып” алганынан улам болгонун далилдөө кыйын.


Эл аралык укукта атмосфералык ресурстар кимге таандык экени так жазылган эмес. Башкача айтканда, тынчтык максатында жамгыр чакырууга түздөн-түз тыюу жок, бирок мындай ар кандай ишмердүүлүк жакшы коңшулук нормаларына шайкеш келиши жана ENMOD Конвенциясын бузбашы керек.

Reporter.kg маалымдайт: ENMODКонвенциясы (ЭНМОД, EnvironmentalModificationConvention) — табигый чөйрөнү өзгөртүүчү каражаттарды аскердик же башка душмандык максатта колдонууга тыюу салган БУУнун эл аралык келишими. Ал 1976-жылы кол коюлуп, 1978-жылы күчүнө кирген.
Документке ылайык, конвенцияга катышуучу тараптарга кыйратуучу, кеңири масштабдагы же узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ болгон айлана-чөйрөнү өзгөртүү технологияларын колдонууга тыюу салынат:

— жер титирөөлөрдү, цунамилерди жаратууга же аймактардын сейсмикалык балансын бузууга;
— гидрологиялык системаларга кийлигишүүгө: суу ташкындарын чакырууга, дарыялардын нугун өзгөртүүгө;
— климатты жана аба ырайынын шарттарын жасалма жол менен өзгөртүүгө: жасалма жаан-чачындарды чакырууга, кургакчылыкты жаратуу үчүн булуттарды таратууга;
— озон катмарына же Жердин ионосферасына таасир этүүгө.

Эгерде долбоор башка өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына таасир этиши мүмкүн болсо, ДМОнун алкагында алдын ала консультацияларды өткөрүү сунушталат.

Коопсуздукту камсыз кылуу призмасы аркылуу кароо:


Таалайбек Жумадылов, атайын кызматтардын ардагери, улуттук коопсуздук маселелери боюнча эксперт:

Таалайбек Жумадылов, атайын кызматтардын ардагери, улуттук коопсуздук маселелери боюнча эксперт:


— Айлана-чөйрөгө жасалма жол менен таасир этүү илимий жактан изилдөөнү талап кылат, анткени бул тажрыйбалардын баары кош багыттагы технологиялар болуп саналат жана алар жасалма жамгыр чакыруу үчүн гана эмес, климаттык курал катары да колдонулушу мүмкүн.

Биз ЖККУнун (Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун) мүчөсүбүз, анын уставында «жамааттык коопсуздук» деген түшүнүк бар — бул уюмдун кайсы бир мүчөсү өзүнүн коопсуздугун бекемдөө боюнча чараларды көргөн учурда анын башка мүчөлөрүнүн коопсуздук кызыкчылыктарына зыян келтире турган аракеттерге барбашы керек дегенди билдирет. Башкача айтканда, жамааттык коопсуздук бөлүнбөс жана бүтүн болушу шарт.

Куралдын ар кандай түрлөрүнүн — климаттык, сейсмикалык, биологиялык, химиялык куралдардын өнүгүшүнө байланыштуу, бул маселе кылдат изилдөөнү жана жөнгө салууну талап кылат, анткени ал бул өлкөлөрдө кандай терс кесепеттерге алып келери белгисиз.


Ал эми биздеги суу-энергетикалык көйгөйдүн курчтугун эске алсак, бул трансчегаралык коркунучка айланышы мүмкүн жана бул маселе менен ЖККУ дагы алектениши керек.

Эскерте кетейин: Ирандын Эмираттарга койгон дооматтарынын бири — БАЭни жамгыр чакыруу үчүн таасир этүү технологиясын колдонгондугу үчүн айыптоо болгон, мунун натыйжасында Иранда кургакчылык башталган.


Учурда Эмираттардын жасалма жамгыр чакыруу технологиясы Дагестандагы суу ташкындарына алып келди деген конспирологиялык гипотеза бар, муну дагы изилдөө керек. Кептин баары — ар кандай системада айрым элементтердин бири-бири менен байланышы, өз ара таасири болот жана тең салмактуулук менен баланстын бузулушу таптакыр башка жерде күтүлбөгөн кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендигинде.

Ошондой эле Түркстандагы эксперименттер аба массаларынын салттуу кыймылына кандай таасир этери да белгисиз.


Өз убагында Сырдарыя менен Амударыя дарыяларындагы суу ресурстарын ойлонулбастан жана ашыкча пайдалануу Арал деңизинин соолушуна, ал өз кезегинде кумдуу жана туздуу бороондордун пайда болушуна, андан ары — мөңгүлөрдүн эришине алып келген.


Биз Борбор Азиянын бирдиктүү экосистемасында жашап жатабыз жана мындай нерселер көп жылдык байкоолорду, тажрыйбаны колдонуу менен илимий жол аркылуу кылдат изилденүүгө тийиш.

Анара Мамытова

Scroll to Top