Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Жазуучу Олжобай Шакир пробация менен абактан бошотулду
08.10.2024 | 14:01
Жазуучу, публицист Олжобай Шакир пробация менен абактан чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.
Белгилүү болгондой, Олжобай Шакир «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» айыпталып жаткан. Ал былтыр августта УКМК тарабынан кармалып, тергөө абагына камакка алынган.
Быйыл 14-майда Аламүдүн райондук сот жазуучуну күнөөлүү деп таап, 5 жылга абакка кескен. 15-июлда Чүй облустук соту ал өкүмдү күчүндө калтырган.
Ал эми бүгүн, 8-октябрда Жогорку сот Олжобай Шакирди күнөөлүү деп таап, ошол эле учурда эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотту. Жазуучуга 3 жылдык пробация берилди. Жогорку соттун токтому өкүм угузулгандан кийин дароо күчүнө киргендиктен, Олжобай Шакир камактан бүгүн чыгат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом