Жазында Кыргызстан Камбар-Ата 1 ГЭСинин жолун салып баштайт

Жазында Кыргызстан Камбар-Ата 1 ГЭСинин жолун салып баштайт

2022-жылдын май айынын башында Камбар-Ата 1 ГЭСинин жолун, көпүрөсүн кура баштайт. Бул туурасында Энергетика министри Доскул Бекмурзаев парламенттеги жыйында билдирди.

“Кечээки кырдаалда Камбар-Ата 1 ГЭСинин абдан керектүүлүгү, актуалдуулугу байкалды. Бул ГЭС 1860 мегаватт электр энергия өндүрүп чыгат. Электр станциялар тармагынын менчиги. 2 млрд. 800 млн долларга бааланган. Бүгүнкү күндө коңшу өлкөлөрдүн электриктери менен кошо салабыз деген ниетибиз бар. Өлкө башчылар жолукканда андай ниеттер айтылган. Техникалык-экономикалык негиздеме берилип баштаганда суроолор көбөйө баштады. Ага убакыт кеткендиктен, Камбар- Ата 1 ГЭСинин инфраструктурасын өзүбүздүн күчүбүз менен баштай берели деп жатабыз. Маселен, ГЭСке кете турган жолду, көпүрөнү курууну баштайбыз. Бүгүнкү күндө ал жакка бир кайык менен гана бара алат киши. Ошол себептен бул жумуштарды бүтүрө берели дедик. 18 млн. 900 мин доллар каражат сарпталат. Буга чейин баарын эсептен чыкканбыз. Апрелдин аягы майларда ишти баштайбыз” – деди министр.

Буга чейин коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүргөнү кабарланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>