Кыргызстанда 2,5 жылда 200гө жакын мектеп ачылды, — Акылбек Жапаров

Кыргызстанда 2,5 жылда 200гө жакын мектеп ачылды, — Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун Зарбалик айылындагы мектептин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Мектеп 375 орунга эсептелген, мектептин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен 148,5 млн сом бөлүнгөн.

Минкаб башчысы Акылбек Жапаров окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, балдарга сапаттуу билим берүү үчүн шарттарды түзүү өлкө өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.

«Мектептин ар бир ачылышы кубанычтуу окуя. Акыркы 2,5 жылдын ичинде 200гө жакын мектеп ачылган. Кара-Суу районунда 13 авариялык мектеп бар болчу, анын бирин бүгүн ачып жатабыз, дагы 3 мектептин курулушу бүттү, жакында ачылат. Бул жаңы мектеп 375 орунга ылайыкталган, бюджеттен 148,5 млн сом бөлүнгөн. Компьютерлери жетишсиз болгон мектептердин 2%ынын арасында Зарбалик айылындагы мектеп бар. Бүгүнкү күндө бул маселе да чечилип, мектепте 25 компьютер, интерактивдүү доска, заманбап воркаут аянтчасы, актовый зал бар. Бул заманбап мектеп, шарты боюнча борбордогу мектептерден кем калышпайт. Мен дайыма чыгаан жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун: “Мектеп – таланттуу мугалим менен таланттуу окуучунун жолуккан жери” деген сөздү кайталап келем. Билим гана бийиктикке жете алат. Биз балдарыбыз жаңы заманбап мектептерде окуп жатып сапаттуу билим алышын, чет тилдерин билишин каалайбыз», — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө ошондой эле өткөн жылы Кара-Суу районунда 22 мектепте жана 8 бала бакчада курулуш иштери жүргүзүлгөнүн жүргүзүлгөнүн, 14 жаңы социалдык объектилер ачылганын белгиледи. Октябрь, Ак-Терек, Керме-Тоо, Жапалак, Таш-Арык айылдарында мектептер ачылган. Дагы 2 мектеп ачууга даяр. Кара-Суу районунун курулуш тармагына жалпысынан 1 миллиард сомго жакын каражат бөлүнгөн.

Андан ары Акылбек Жапаров Кең-Сай айылындагы спорт комплексинин абалы менен таанышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>