Жапаров 16 жаштагы кыз менен байланышы үчүн соттолгон жаранга ырайым кылуу өтүнүчүн четке кактыБишкектин айрым аймактарында 13-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөтБишкекте бир бөлмөлүү батир сатып алуу үчүн 47 жыл иштөө керекЭнергетика министри Токтогул ГЭСинин кышка даярдыгы менен тааныштыБаткендиктер Садыр Жапаровго суу жана акыйкат сот маселелери боюнча даттаныштыЫсык-Көлдөн синтетикалык торлор жана таштандылар чыгарылды
Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү боюнча дебаттарында сөз сүйлөдү
02.06.2026 | 09:41

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев күн мурун БУУнун Башкы Ассамблеясынын талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууда жана чыр-чатактардын алдын алууда ортомчулуктун ролуна арналган дебаттарына катышты, деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.
Ал коопсуздукту бекемдөө боюнча аймактык аракеттерди жана Борбордук Азия мамлекеттеринин чек ара маселелерин тынчтык жолу менен жөнгө салуудагы жетишкендиктерин белгиледи.
БУУнун Башкы Ассамблеясы «Чек ара талаш-тартыштарын тынчтык жолу менен чечүү» резолюциясын бир добуштан кабыл алды, бул аймактагы өлкөлөрдүн ийгиликтеринин далили болду.
Жээнбек Кулубаев ошондой эле Кыргызстандын тынчтыкты жана ишенимди бекемдөө максатында кызматташууга даяр экенин ырастады.