Кыргызстанда кийинки окуу жылы 15-сентябрда башталат

02.06.2026 | 09:50
КРдин Агартуу министрлигинин башкы имараты

Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында 2026–2027-окуу жылы 15-сентябрда башталат. Мындай чечимди Агартуу министрлиги кабыл алды. Ошондой эле келе жаткан окуу жылы 2027-жылдын 25-майында аяктайт.

Мекеменин маалыматында, мындай чечим өлкөдө өтө турган иш-чараларга: Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына байланыштуу кабыл алынды. .

Мындан тышкары билим берүү программаларынын аткарылышын камсыз кылуу үчүн 6–11-класстардын окуучуларына окуу жылы ичинде ишемби күндөрү кошумча сегиз окуу күнү киргизилет. Бул күндөрдүн графиги мектептер тарабынан өз алдынча түзүлүп, ата-энелер жана аймактык билим берүү башкаруу органдары менен макулдашылат.

1–5-класстардын окуучулары үчүн беш күндүк окуу жумалыгы сакталат. Агартуу министрлиги бул чаралар мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарын аткаруу максатында ишке ашырыларын билдирди.

Scroll to Top