Жээнбеков: Жемкорлор кайтарган акчалар мектептерди курууга жумшалууда (фото)

Жээнбеков: Жемкорлор кайтарган акчалар мектептерди курууга жумшалууда (фото)

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылындагы орто мектепте жана Бишкек шаарындагы № 12 мектеп-гимназиясында коррупцияга каршы күрөш боюнча бирдиктүү  эсепке түшкөн каражаттардын эсебинен жаңы корпустар курулат.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, бүгүн, 27-августта аталган мектептерде президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен жаңы корпустарды курууга капсула салуу аземи болуп өттү.

Мамлекет башчысы Сокулук районунун Орок айылынын тургундары жана мугалимдер менен баарлашты.

«Ички миграциядан улам Бишкек шаарынын, Чүй жана Ош облустарынын орто мектептеринде окуучулардын саны көп болуп, мектептерге балдар батпай, чоң көйгөй бар экени маалым. Коррупция менен күрөштөн түшкөн акча каражатын мектептерди жана аларга кошумча окуу корпустарын курууга жумшайлы деп чечкенбиз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Сокулук районунун Орок айылындагы мектепте сабактар үч мөөнөттө өтүүдө, кошумча корпустун курулушуна ɵтɵ муктаж. Эки кабаттуу кошумча курулуш корпусу мектептин кубаттуулугун 500 окуучу орунга чейин жогорулатат.

Бишкек шаарынын № 12 мектеп-гимназиясы дагы окуу имаратын кеңейтүүгө абдан муктаж. Жалпы билим берүүчү мекеменин үч кабаттуу корпусу 385 орунга ылайыкталат. Курулуш иштерин 2020-жылы бүтүрүү пландалууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>