Бишкектеги жаңы автобекет август айында пайдаланууга берилетЖаңы Ош базары август айында ачылат. Президент курулуштун жүрүшү менен тааныштыБаткендеги сел 20 млн сомдон ашык чыгымга алып келдиОш шаарында Санкт-Петербург көчөсү оңдоодон кийин ачылды10-май: Өлкө боюнча жаан жаайтБишкек жана Ысык-Көлдө Улуу Ата Мекендик согуштун калыбына келтирилген мемориалдары ачылды
Жеке ишкер Мирлан Исагалиев ИИМге тез жардам автоунаасын белек кылды
06.11.2019 | 18:16
Жеке ишкер Мирлан Исагалиев ИИМдин Медициналык башкармалыгына тез жардам автоунаасын белек кылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.
Ал белекти ички иштер органдарында кырк жылга жакын тергөөчү болуп иштеген кайын атасы Сапардин Аскаровдун жаркын элесине арналгандыгын билгилеп өткөн.
Аталган тез жардам автоунаа милиция кызматкерлерин жана ички иштер органдарынын ардагерлерине кызмат көрсөтөт.
ИИМдин Медициналык башкармалыгынын башчысы Нурдин Метеров өзүнүн жааматынын атынан Исагалиевге ыраазычылыгын билдирип, аталган автоунаа менен доктурлар милиция кызматкерлеринин өмүрү менен ден соолугун сактоодо болгон күчтөрүн жумшаарын айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом