Бишкекте кышкы мезгилге карата 190 орундуу баш калкалоочу жайлар ачылдыАла-Арчада жоголгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү тоңгон абалда табылдыКыргызстанда «Мыкты мектеп ашпозчусу» сынагы өтүүдөСалык кызматы ишкерлерди товарларын жаңы каталог менен салыштырууга чакырдыПайдубалы курулуп бүтө элек үйлөрдү жарнамалаган эки компания лицензиясынан ажырадыКыргызстандыктар Сейшел аралдарына 30 күнгө визасыз бара алышат
5-май: Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт, айрым жерлерде күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо — кар жаайт
05.05.2026 | 09:00
Бүгүн, 5-майда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу жолдордо тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет.
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча:
- Чүй облусунда түнкүсүн 8…13°C, күндүз 21…26°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 7…12°C, күндүз 19…24°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 8…13°C, күндүз 23…28°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 8…13°C, күндүз 23…28°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 8…13°C, күндүз 23…28°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10°C, күндүз 17…22°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 6…11°C, күндүз 14…19°C;
- Чолпон-Атада түнкүсүн 8…10°C, күндүз 17…19°C. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метр;
- Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 10…12°C, күндүз 23…25°C болот. Түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүз ала булут каптап турат, жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метр.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом