Экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргызстандын самбо федерациясынын ардактуу президенти болуп шайланды. Бул тууралуу reporter.kg`ге федерациянын президенти Нурлан Токоноев билдирди.
“Жениш Парпиевич Союз учурунда Ленинград шаарында окуп, самбо менен күрөшүптүр. Ошол себептен федерациясынын Аткаруу комитетинин чечими менен ага ардактуу президент даражасын ыйгардык”, — деди Токоноев.
Белгилей кестек, Жеңиш Разаков 11-феварлда кызматтан кеткен. Ал басылмаларга кызматтан кетип жатканын үй-бүлөлүк шартына байланыштырган.