Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Жер көчкүдөн кийин Ак-Терек – Папан – Кожокелең унаа жолу ачылды
21.04.2025 | 09:31
Жер көчкүдөн кийин Ак-Терек – Папан – Кожокелең унаа жолу эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
20-апрелге караган түнү Ош облусунун Кара-Суу районунунда каттуу жааган жамгырдын кесепетинен аталган унаа жолунун 14-чакырымында жер көчкү жүрүп, натыйжада унаа жолдун айрым жерлери жылып жана чөгүп, жол жабылган.
Тазалоо иштеринин натыйжасында 21-апрель саат 18:00гө карата жол эки тараптуу ачылып, каттам жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом