Жер мунапысы тууралуу жободогу 27-пункт жокко чыгарылды

Жер мунапысы тууралуу жободогу 27-пункт жокко чыгарылды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинетинин «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 27-пункту алынып салынды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Маалым болгондой, аталган пунктту жокко чыгаруу боюнча Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынган.

«Эске салсак, мамлекет башчысы 5-мартта Ак-Ордо жаңы конушуна күтүүсүз барган. Жергиликтүү тургундар менен болгон сүйлөшүүдө Министрлер кабинетинин аталган токтомунун 27-пункту жер амнистиясын толук ишке ашырууну бир топ татаалдаштырып жатканы белгилүү болгон. Жаңы конушка барып келгенден кийин мамлекет башчысы бул маселени тез арада чечип, башка аймактарда да жер амнистиясынын аткарылышын текшерүүнү тапшырды. Ошону менен бирге бардык жергиликтүү бийлик башчыларына мындан ары жарандар тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууларына жол бербөө тапшырмасы берилди», — дейт Султанбаев.

Анын айтымында, президент Жапаров ар дайым, өзгөчө жарандардын турмушуна түздөн-түз тиешеси бар маселелерде, бюрократиялык процесстерди минималдаштыруу милдетин коюп келет.

Ошондой эле, ал 6-мартта мамлекет башчынын катышуусунда өткөн жумушчу кеңешмеде жер мунапысын ишке ашырууда начар иш алып баргандыгы үчүн президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн жана Сокулук районунун акимин кызматтан алуу чечими кабыл алынганын билдирди. Ал белгилегендей, президенттин тапшырмасын аткарууну кечеңдеткен жетекчилерге тиешелүү чаралар көрүлөт.

Эскерте кетсек, 3-мартта Ак-Ордо конушунда төрт балалуу Марал Шараболотованын үйү түртүлүп, ал коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. 5-мартта Садыр Жапаров Ак-Ордо конушуна барып, үйү түрттүрүлгөн келин менен жолуккан. Аны менен бирге аталган конуштун тургундарынын жер мунапысы боюнча маселесин уккан.

Аталган окуядан кийин президент жер мунапысы боюнча жыйын өткөрүп, Чүй облусунун башчысын жана Сокулук районунун акимин иштен алууну тапшырган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>