Ташиев: Эки жылда аскердик техника, курал-жарак алууга 1 млрд $ кетти (видео)

Ташиев: Эки жылда аскердик техника, курал-жарак алууга 1 млрд $ кетти (видео)

Кыргызстан акыркы эки жылда Куралдуу күчтөрүнө, аскердик техника жана курал-жарак сатып алууга 1 млрд доллар жумшады. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 6-мартта Жалал-Абаддын Барпы айыл өкмөтүндөгү төрөтканага капсула салуу иш-чарасында билдирди.

Ташиевдин айтымында, куралданууга ири каражаттын сарпталып жатканынын себеби — бирөөгө кол салуу эмес, тескерисинче өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу.

«Бүгүнкү күнү мамлекеттин коргонуу мүмкүнчүлүгү күчүндө экенин билесиздер. Акыркы эки жылда мамлекет 1 млрд долларды коргонуу мүмкүнчүлүгүнө жумшады. Бул биздин Куралдуу күчтөр, аларга алынып жаткан аскердик техника, курал-жарак жана башкалар. Биз мурдагыдай эмеспиз. Азыркы күнү башка мамлекеттерден кем калбай турган, башкаларда жок курал курал-жаракка ээ болдук. Мына азыр дагы алынууда. Анын негизги себеби, биз согушка даярданган жокпуз. Биз коргонууга даярданып жатабыз. Элибиздин бир метр жерин да эч ким басып албасын, ага жол бербейбиз деген максатта жасап жатабыз. Ошондуктан бул жакка да көптөгөн каражаттар кетип жатат. Эң негизгиси элибиз тынч жашасын», — деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстан акыркы эки жылда Bayraktar Akıncı, Bayraktar TB2, Aksungur учкучсуз учуучу аппараттарды, «Печора-2БМ» коргонуучу зениттик-ракеталык комплексин жана башка аскердик техникаларды сатып алганы кабарланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>