Жер ресурстары агенттигинин директору Каныбек Ботобаев кармалды

Жер ресурстары агенттигинин директору Каныбек Ботобаев кармалды

Жер ресурстары боюнча агенттиктин директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, тергелип жаткан иштин алкагында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” ишканасынын бөлүм жетекчилеринен мыйзамсыз акча алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталган. Анын алкагында аталган агенттиктин жетекчиси кармалган. 

“Жүргүзүлгөн иш чаралардын алкагында мыйзамсыз акча чогултуу фактысына Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору “Б.К.К.” тиешеси бар экендиги такталды. 7-декабрда чогулган материалдардын негизинде “Б.К.К.” кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, —  айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек,  Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикти 2019-жылдын сентябрь айынан бери Ботобаев Каныбек Калбаевич жетектеп келген. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>