Кыргызстандын Кытай менен товар жүгүртүүсү 27 млрд долларга жетти — Айыл чарба министрлигиЫсык-Көлгө 3,7 миллион даана балык чабагы коё берилдиКыргызстандык мектеп окуучулары Тажикстандын парламентинде болуштуБишкекте ишкерлер менен инвесторлорду бириктирген эл аралык көргөзмө өтүүдөСагынабызбы? Депутаттар сентябрга чейин каникулга тараштыБишкектин айрым көчөлөрүндө 26-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулат
Жер тилкесин мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча кылмыш иши козголду
11.03.2025 | 11:12
Башкы прокуратура Сокулук районунда 1,6 гектар жер тилкеси мыйзамсыз берилип кеткенин аныктап, кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 2018-2022-жылдары Сокулук районунун Новопавловка жана Ат-Башы айыл өкмөттөрүнүн жана каттоо органдарынын кызматкерлери мыйзам бузуп, 38 жаранга жалпы аянты 1,6 га жерди турак жай куруу үчүн экинчи жолу акысыз бергени аныкталган.
Мындан улам жер алуу үчүн кезекте турган жарандар мыйзамдуу түрдө жана акысыз жер тилкесин ала албай калышкан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголгон. Мамлекетке келтирилген зыян 56,3 млн сомду түзгөн.
Учурда тергөө жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар