“Жерүй” жакка балык өстүрсө болобу? Суунун сапаты изилденип жатат

“Жерүй” жакка балык өстүрсө болобу? Суунун сапаты изилденип жатат

«Альянс Алтын» компаниясы Улуттук илимдер академиясынын Биология институту жана Талас областтык мергенчилер жана балыкчылар коому менен биргеликте Талас районунун дарыяларын мүмкүнчүлүгүн аныктоо үчүн суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүдө.

Мониторинг Жерүй кенинин лицензиялык аянтынан агып өткөн Түз-Ашуу, Жерүй, Чоң-Туз жана Чоң-Чычкан дарыяларында, ошондой эле Талас районунун Калба жана Күмүштак дарыяларында жүргүзүлдү. Илимий-изилдөө иштеринин биринчи этабында жер үстүндөгү суулардын курамына гидробиологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, аны деталдуу изилдеп чыккандан кийин кампа (балыктарды көбөйтүү үчүн чыгаруу) боюнча чечим кабыл алынат.

Алдын ала экспресс-талдоолору жер үстүндөгү суулардын курамы балык чарбалык суу объектилеринин стандарттарына туура келерин көрсөттү. Бул Талас облусунда биологиялык ар түрдүүлүктү жакшыртууга жана балык чарбасын өнүктүрүүгө үмүт бар экенин билдирет.

Бул максаттарда «Альянс Алтын» ЖЧКсы жашоо шарты Талас районунун дарыяларына ылайыктуу, азык-түлүк менен жетиштүү көлөмдө болгон Ысык-Көл форель чабактарын сатып алууга жана ишке киргизүүгө финансылык колдоо көрсөтөт.

«Альянс Алтын» экологиялык иш-чараларга дайыма каражат бөлөт. Айлана-чөйрөгө кам көрүү — компаниянын артыкчылыктуу багыттарынын бири.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>