Бутиктен телефон уурдаган киши видеого түшүп калды

Бутиктен телефон уурдаган киши видеого түшүп калды

Уурулукка шектелген жаран кармалганын 19-апрелде Октябрь райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмыш 13-апрелде уюлдук телефондорду саткан бутикте болгон.  Ал бутик соода борборлорунун биринде жайгашкан. Ошол күнү дүкөндүн терезесинен баасы 92 000 сомду түзгөн Samsung Calaxe Z fold 2 үлгүсүндөгү телефонду уурдап кеткен.

Ошондой эле 15-апрелде да  Түштүк магистралда жайгашкан гипермаркетте буюм уурдалган.

Аталган эки факты тең Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен катталган.

 

Райондук милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Д.Д.  кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция кармалган адамдын башка кылмыштарга тиешеси бар деп эсептейт. Буга байланыштуу укук коргоо органдары шектүүнүн аракетинен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар бардык жарандарды 0 (551) 444-890 жана 102 телефон номурларына билдирүүнү суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>