Лондондун ишкерлер коомчулугу Кыргызстанда бизнес ачууга даяр

Лондондун ишкерлер коомчулугу Кыргызстанда бизнес ачууга даяр

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лондон шаарына (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу) болгон жумуш сапарынын алкагында, Улуу Британиянын расмий өкүлдөрү жана компаниялары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Алгач Акылбек Жапаров, бүткүл дүйнөдөгү инвесторлорду жана тоо-кен компанияларынын өкүлдөрүн бир аянтчага чогулткан Европадагы эң ири “Mines and Money/Resourcing Tomorrow“ конференциясына катышып сөз сүйлөп, бир катар инвесторлор менен жеке баарлашты.

Өз сөзүндө Акылбек Жапаров Министрлер Кабинети тоо-кен тармагындагы инвесторлорго ар тараптуу жардам көрсөтүүгө жана алардын иш-аракеттери үчүн бардык ыңгайлуу, коопсуз шарттарды түзүүгө даяр экендигин белгиледи.

Андан соң Улуу Британиянын инвестиция боюнча Мамлекеттик министри Нусрат Гани менен жолугушуусу болду. Анда тараптар Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы соода-экономикалык, эмгек миграциясы сыяктуу эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө, аларды өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан тышкары А.Жапаров Лондон шаарынын ишкерлер коомчулугу менен жолукту. Анда ишкерлер Кыргызстандын аймагында ишкерлик кылууга даяр экендиктерин билдирип, кызыккан суроолоруна жооп ала алышты. Ал эми Акылбек Жапаров ишкерлерди 2024-жылы Кыргызстанда боло турган инвестициялык форумга катышууга чакырды.

Акылбек Жапаровдун кийинки жолугуушусу дүйнөдөгү ири банктардын бири “ICBC Standart Bank Plc” аткаруучу директору Вэнбин Ванг менен жолугуп, тоо-кен тармагында кызматташуу боюнча кенен сүйлөштү. Жолугуушунун жыйынтыгында “Кыргызалтын” ачык акционердик коому менен “ICBC Standard Bank Plc” ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Андан соң Акылбек Жапаров Улуу Британиянын Геологиялык кызматына барып, бул тармактын жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүздү. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын Геологиялык кызматы менен Улуу Британиянын Геологиялык кызматынын ортосунда кызматташуу боюнча документке кол коюлду.

Бул багытта Акылбек Жапаров бул документ эки өлкөнүн ведомстволор аралык кызматташуусун активдештирүүгө түрткү берээрин билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>