Жети адамдын өмүрүн алган жол кырсыктын чоо-жайы — видео

Жети адамдын өмүрүн алган жол кырсыктын чоо-жайы — видео

Бишкек – Ош жолунда 13-октябрда катталган жол кырсыкта жети адам каза болуп, эки киши жабыркады. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, жол кырсыгы Ала-Бел ашуусунда болжол менен саат 17:00до болгон. 30 жаштагы Н.С. уулу аттуу айдоочу «Мерседес-Бенц» унаасы менен Бишкек багыты боюнча бара жатып, карама-каршы тилкеде келе жаткан «Хонда Стрим» унаасын сүзүп алган.

«Хонда Стрим» унаасын 35 жаштагы М.К. аттуу айдоочу башкарып бара жаткан. Жол кырсыгынын кесепетинен жети киши каза болгон. Ошондой эле жабыркаган эки адам Токтогул райондук ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүнө жаткырылган.

Жол кырсыгынан каза болгондор:

1) 28 жаштагы Н.С.улуу, «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу, Токтогул районунун тургуну (Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери болгон);

2) 35 жаштагы М.К., «Хонда Стрим» унаасынын айдоочусу, Токтогул районунун тургуну;

3) 57 жаштагы Ф.К., жүргүнчү, Токтогул районунун тургуну;

4) 38 жаштагы Т.К., жүргүнчү, Бишкек шаарынын тургуну (Октябрь райондук милициясынын кызматкери болгон);

5) 73 жаштагы К.О., жүргүнчү, Бишкек шаарынын тургуну;

6) 73 жаштагы К.И., жүргүнчү, Бишкек шаарынын тургуну;

7) 21 жаштагы С.У. кызы, жүргүнчү, Токтогул районунун тургуну, ооруканада каза тапкан.

Жабыркагандар:

1) 19 жаштагы А.Б., жүргүнчү, Токтогул районунун тургуну;

2) 6 жаштагы А.Б., жүргүнчү, Бишкек шаарынын тургуну.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>