Орусияда кыргызстандык кармалды — жол кырсыгын жасаган деп шектелүүдө, каза болгондор барКыргызстанда жумуш ордундагы ыдык көрсөтүү боюнча кайда даттанууга болот?Путин Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиевди «Достук» ордени менен сыйлады13-июнга карата аба ырайыНаристе даараткананын чуңкуруна кулап каза болдуТүркияда деңиз жээгинен кыргызстандык жарандын сөөгү табылды
Жети-Өгүздөгү бала бакча менен күрөш залы мамлекетке кайтарылды
27.03.2025 | 17:32
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана күрөш залы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 1997-жылы аталган райондун Светлая-Поляна айылында жайгашкан аянты 257 чарчы метр бала бакча 65 сотых жер тилкеси менен кошо мыйзамсыз менчикке берилген. Ошондой эле 2011-жылы Дархан айылындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин 150 чарчы метр күрөш залы жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, аталган объекттерди ээлери мамлекеттин балансына ыктыярдуу түрдө өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар