Мураталы Тагаев Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулду.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койду.
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Тагаев Мураталы Абдыкарович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду”, — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз