«Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган депутаттар иштеп чыккан тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, Жогорку Кеңеште азыркыдай эле 90 депутат болот. Алар парламентке мажоритардык тутум боюнча 5 жылга шайланып келет. Ал үчүн өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, алардын ар биринен үчтөн эл өкүл шайланат. Мандат эң көп добуш алган үч талапкерге тиет.
90 мандаттын 30у аялдардын квотасына таандык. Тиешелүү округ боюнча аял талапкерлердин арасынан эң көп добуш алган аял киши депутат болуп шайланат. Ошондо парламентте кеминде 30 аял депутат болот.
Эгер депутат мандатын тапшырса же ажыратылса, кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Анын ордуна шайланып келген округу боюнча көп добуш алган кийинки талапкер эл өкүлү болот.
Эгер айым депутат мандатын тапшырса, анын ордуна аял депутат келет.
Депутаттыкка талапкерди партиялар же жаран өзүн-өзү көрсөтө алат. Бирок партиялар ар бир округ боюнча бирден гана талапкерди көрсөтөт. Талапкерди сунуштаган партиялар БШКнын эсебине 3 млн сом күрөө коет. Ал эми шайлоого өз алдынча аттанган талапкер 100 миң сом күрөө берет.
Азыркы мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештеги 90 депутаттын 54ү бирдиктүү шайлоо округу боюнча пропорционалдык тутум боюнча, 36сы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мажоритардык тутум боюнча шайланат.