«Жылдын мыкты мугалими – 2026» сынагынын жеңүүчүсү аныкталдыКыргызстандагы «Гриппол Плюс» вакцинасы грипптин актуалдуу штаммдарына ылайык жаңыртылды — Саламаттык сактоо министрлигиОш шаарынын 3026 жылдыгы белгилендиОрусияда жаңы штаммдарга байланыштуу гриппке каршы вакциналар жаңыртылдыБишкектин Кара-Жыгач конушунда 6-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөт«Бишкек Аренанын» ачылышында 5 миң милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайт
ЖК комитети көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салууну биринчи окууда колдоду
01.04.2024 | 11:01
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргызстанда көзү ачыктарды, сыйкырчыларды жана алар көрсөткөн кызматтарды жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Марлен Маматалиев билдиргендей, турмушта кыйынчылыкка кабылган жарандар көзү ачыктарга кайрылып, алданып калышат. Мындан улам депутат көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салууну сунуштоодо.
“Алар ушунчалык эле кыйын болсо, бирөөнүн жолун ача турган болсо, аларга жарнаманын деле кереги жок”, – дейт депутат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом